Азыркы кезде президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөттү, ким болсун жазасын алат деген пикирлер коомдо күч. Бирок ошол эле кезде, бийликтин айтканы менен кылган иши бири-бирине коошпой, коррупциялык күрөш тандалма өңүткө өткөнүн кеп кылгандар дагы арбын. Алсак, ошол эле коррупцияга шектелген Нурлан Сулаймановдун, 2010-жылы 6-апрелде элге ок атууга айыпталып келген Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иштери кыскарды. Райымбек Матраимов менен Аскар Шадиев качып кетти. Коррупция менен кылмыш иши козголгон Исхак Пирматов, Музаффар Исаков камалбай Жогорку Кеңеште акыл айтып отурат. Булардын баары түштүктүн кулундары болгондуктан, эл арасында тандоо ыкмасында мамиле болуп жатат деген көз караш жаралууда.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ