Menu

ИИМ министр Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда массалык маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:
Кечээ, 24-июлда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча ИИМде өткөн маалымат жыйынына Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, борбордук аппаратынын кызмат жетекчилери, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын башчылары Бишкек шаарынын жана Чүй облустук милиция башкы башкармалыгынын башчылары да катышты. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат жыйынды Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору К. Жунушалиев ачып жатып “Биз, негизги маселелерди 13-июлда коллегияда карап, кемчиликтерди аныктап жана аларды жойуу аракеттери боюнча бир катар тапшырмаларды бердим. Биздин коллегияда каралган маселелер жана тапшырмалар туурасында маалыматтар менен сиздерди тааныш деп ойлоймун, анткени биз өз убагында басма сөз каражаттарына маалымат бергенбиз.
Негизинен айтканда, Ички иштер министрлиги 2018-жылдын 6 айында Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Коопсуздук кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасынын негизинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чаралары белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын талаптарын аткаруу максатында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Ош шаарындагы милициянын бардык бөлүмдөрүн кыдырып чыктым. Жер-жерлерде жарандар менен кезигип, жолугушууларды өткөрдүм. Жергиликтүү бийлик органдары менен жер-жерлерде чечиле турган маселелерди сүйлөшүп, аны иш жүзүнө ашыруунун механизмдерин да аныктадык. Ошондой эле барган аймактардагы милициянын ардагерлери менен жолугушуп келдим.
Кызматкерлеримдин алдына мен кыска мөөнөттөгү тез арада аткарыла турган тапшырмаларды койгонмун жанан алардын аткарылышын жеке өзүм көзөмөлгө аламын:
Биринчи, коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, укук бузуларды алдын алуу үчүн мамлекеттик тутумду жакшыртуу, көчөлөрдөгү жана коомдук жайлардагы криминалдык абалды көзөмөлдөө жана өздүк курамдын кызматтык дээңгелин жогорулатуу.
Экинчи, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Эгерде эл милицияга ишене баштаса, ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогоруулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек.
Үчүнчү, ички иштер органдарынын катарындагы абийирсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча талаптарды күчөтүү керектигин тапшырдым. Милициянын формасын жамынып алып жоопкерчиликке тартыла турган коррупциялык иштер жана баңгизат кылмыштуулугу менен алектенген фактылар дагы жок эмес. Ошондой эле ишки иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан өткөрүү керек. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Төртүнчү, ички иштер органдарын реформалоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү. Биз коопсуздуктун учурдагы талаптарын эске алуу менен Кыргыз милициясынын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Муну бизден мамлекет башчысы жана премьер-министр дагы талап кылууда. Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумду түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташуу, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш-жүзүнө ашырууга жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Бүгүнкү күндө милициянын кадыр баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү десем жаңылышпайм” деп билдирип кетти К. Жунушалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: