“Бишкек шааардык кеңешинин депутаттарын мен депутаттар катары тааныбайм, булар Атамбаевдин тизмеси менен шайланган, өз позициясы жок күнкарамалар экен, бийликтен коркуп, калтырап-титиреп, кимди көрсөтсө жабыла добуш берип, бүгүнкү шайлаган мэри Суракматовду да мэр катары тааныбайм. СДПК көрсөткөн мэрлерди баары ууру чыгып жатса да дагы бир СДПКчыны мэр кылып шайлашты. Бишкектин мэрин күнкарама депутаттар эмес, шаардыктар, эл шайлаш керек! Биз буйруса буга жетишебиз!” – деп билдирди укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 9-августта Кyrgyztoday.кg маалымат агенттигине.
“Бизди бүгүн жеңилип калды деп жатышат, биз жеңилген жокпуз. Эч кимден коркпогон жарандык активисттер кечээ Бишкек мэриясынын алдына барып, өз позицияларын ачык билдирип турушту. Депуттардын чыныгы жүзүн элге ачып бердик. Шайлоонун мыйзамсыздыгын, атаандаштыгы жок өткөрүп жатышканын, СДПК көрсөткөн мэрлердин баары ууру болорун бетке айттык. Биз кечээ Бишкек мэрин шайлоо учурунда мэриянын алдына жыйылып, нааразычылык акциясын уюштургандар – булар бир булактын суусу болобуз, бирок бизге жакында дагы көптөгөн булактын суулары кошулуп, чоң дарыяга айланабыз. Ошондо Суракматовго окшогон элдин пикирин эсепке албай, кызматка “шайлангандар” дарыянын суусуна агышат. Биз баары бир Бишкектин мэрин эл шайлаган учурга жетишебиз!” – деди укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ