Жарашса-жарашпаса да Ширин Айтматова соңку кездерде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана коррупцияга каршы күрөшүүнү оозанып, спектакль коюп аткандай эле кубулат. Анан калса, абройлуу адамдарга асылып, сындап, өзүн пиар кылганды адатка айландырып бараткандай. Деги мындан канчалык деңгээлдеги маңыздуулукту көрсөк болот? Эң оболу, элге күйүп, патриот болуу үчүн ириде эне тилиңди аздектөө менен сүйлөш керек да. Тилекке каршы, Ширин Айтматова кыргыз тилин дайыма жерип келгени, орусча гана сүйлөгөнү кандай? Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы атуулдук, улутчулдук сезимин көрсөтө албаса, анда кайсы дымагына тыңсынат? Мекенди сүйүү эне тилди урматтагандан башталат эмеспи. Эске салсак, мурдагы чакырылышта Ширинка беш жыл депутат болуп жүрүп, эмнени кыйратты эле? Уйку-соонун ортосунда жүргөнү жалганбы? Ток этерине келсек, көңдөй челекти чапсаң үнү катуу чыккан сымал, Айтматованын да “айкырыгы” ачуу угула баштады. Түпкүлүгүндө маанисиз.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ