Menu

“Сарайда” жашаган Албек Ибраимовдун байлыгы

Бөлүшүү:

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдун байлыгы коомчулукта кызуу талкууга алынган маселе бойдон калууда. Анын өмүр таржымалына абай салсак, ишкерлик менен анчалык деле узак убакыт алектенген эмес экен. 2010-жылдан бери мамлекеттик, болгондо дагы майлуу-сүттүү кызматтарда жетекчилик кылыптыр. Албек Ибраимов мынча байлыкты таман акы, маңдай тери менен тапканына албетте көпчүлүк ишенген жок.

Анда эмесе, экс-мэрдин эбегейсиз байлыгынын эсебин чыгарып көрөлүк.

Албек Ибраимовдун Арашан айылындагы турак-жайы 50,3 гектар жерде жайгашкан. Ал жашаган жердеги курчалган тосмонун узундугу 3 км. 470 метрди түзөт. Жубайы Айнуру Ибраимованын айтымында ал жерди 2008-жылдан тартып айыл тургундарынан сатып алып башташкан.

Ал жер салык кызматында сарай катары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары Айнуру Ибраимовага Арашан айылында 10 гектардан 8 участок катталган экен. Ал эми экс-мэрдин кирешеси тууралуу декларацияда Албек Ибраимов Чүй облусунда 1,5 гектардан 7 гектарга чейин 29 жер участогуна ээлик кылганы көрсөтүлгөн.

Күйүүчү май бизнеси, соода-сатык иштери жана пансионаты

1.“Нефтепродукт” ЖЧКсы мурда экс-мэрдин жубайы Айнуру Ибраимовага таандык болуп, “ТМ- ORLAN&Group» деп аталган. Учурда бул компаниянын негиздөөчүсү Бекбол Батырбеков, директору Абдыкалыков Арслан. Бул эки башка аталыштагы компаниянын ИНН бирдейлиги Айнуру Ибраимовага таандык экендигин айгинелейт. Минюстта 2017-жылы аталган компанияга өзгөртүү киргизилген. Бирок компаниянын качан түзүлгөндүгү тууралуу маалымат жок.

2. «TM-ORLAN&Group» компаниясы. Аталган компаниянын Чолпон-Атада да филиалы бар. Бул компания авиация жана автомобиль күйүүчү майларын сатуу менен алектенет. Компаниянын качан түзүлгөнү белгисиз, бирок 2006-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Компаниянын директору Асанов Абдыжалал Зарлыкович. Бул компания тууралуу экс-мэрдин жубайы Айнуру Ибраимова басма сөз каражаттарына берген маегинде аталган компания күйүүчү майларды сатуу жана ат спортун өнүктүрүү боюнча иш алып барарын айткан.

3. ”Эрса” ЖЧКсы 1997-жылы түзүлгөн. Соода-сатык менен алектенет. Жетекчиси Албек Ибраимов. Ишкананы түзгөндөр: Албек Ибраимов жана Сапар Шайдиев. Ишкана Чоң-Арыктагы, Семетейде жайгашкан.

4. “А плюс К” ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы “Деңиз” пансионаты. Алгач бул ЖЧК «Deniz-Travel» деп катталган. Бирок 2011-жылы ишмердүүлүгүн токтотуп, кайрадан 2015-жылы “А плюс К” деген аталыш менен ишмердүүлүгүн уланткан. Аталган компания экс-мэрдин жубайы Айнуру Ибраимовага катталган. Минюсттун маалыматына таяна турган болсок, аталган компания авиация жана автомобиль күйүүчү майларын дүңүнөн сатат, ошондой эле май куюучу жайларды ижарага берет. 2018-жылдын 5-июнунда бул компаниянын кожоюндары алмашып, Айталиев Абдыразак Максутовичтин карамагына өткөн.

5. “Уздар Трейд” ЖЧКсы. Бул компаниянын директору да, негиздөөчүсү да Айнуру Ибраимова. Товарлардын бардык түрүн сатуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ошондой эле аталган компания “Исмаил Ата” деген фирма менен тыгыз байланышта иш алып барат. Бул фирманын да кожоюну Айнуру Ибраимова. Бейрасмий маалыматтар боюнча аталган фирма уюлдук телефондорду сатуу менен алектениши ыктымал.

Албек Ибраимовго таандык үлүш жерлер

Басма сөзгө чыккан маалыматтар боюнча Албек Ибраимовдун 174 кыймылсыз мүлкү бар. Анын көпчүлүгү айыл чарба багытында ишмердүүлүк жүргүзөт. Бейрасмий маалыматта 10 гектардан турган 32 айдоо аянты бар. Анын жеке менчигиндеги жер жалпысынан 320 гектарды түзөт. Коомчулукка жарыяланган маалыматта бул жерлердин көпчүлүгүнө экс-мэр 2010-жылы ээлик кылгандыгы жазылган. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 10 гектардан турган 8 участок Албек Ибраимовго таандык экендигин Мамлекеттик каттоо кызматы тастыктаган. Арашан айылындагы турак-жайы турган жана ремонт иштери жүрүп жаткан жер 50 гектардан ашык.

Декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрү

Эгер анын кирешеси тууралуу 2016-жылдын 31-декабрындагы декларацияны алып карай турган болсок, бир жылда ал 735 миң 723 сом тапкан. Андан сырткары, экс-мэр айыл чарба продукцияларын сатууда 3,5 миллион сом кирешеге ээ болгон. Бирок, бул декларацияда анын турак-жайы жана машиналары көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле 2015-жылдагы декларацияда да үйү менен машинасы жок экендиги көрсөтүлүп, 13 жер участогу бар экендиги боюнча маалымат берилген. Кийинки декларацияда шаар башчысынын тууганы экс-мэрден үч эсе жогору, тактап айтканда, 10 миллион сом киреше тапканы, тууганында ЖЧК менен “Toyota RAV4” машинасы бар экендиги жана шаар башчысына караган 32 жер участогу көрсөтүлгөн.

Булак: “Кыргыз Туусу”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: