Бүгүн, 28-августта, Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды. Бүгүнкү отурумда үч күбө – Сайдулла Нышанов, Асия Сасыкбаева жана Данияр Нарымбаев күбө катары суралып, үчөө тең оң көрсөтмө беришти. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Данияр Нарымбаев 2010-жылдын 13-майында Өмүрбек Текебаев Конституциялык кеңешменин отурумунда чогуу болушканын, аталган кеңешменин төрагасы Ө. Текебаев болсо, ал катчылыктын жетекчиси болгонун айтып берген.
Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого Биринчи май райондук сотко жиберген. Иш 29-августта аталган сотто каралып, алардын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ