Menu

АКШ элчилиги студенттик виза берүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалыматка комментарий берди

Бөлүшүү:

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги студенттик виза берүү эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу комментарий берди. Өзгөртүүлөр буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан сунушталган.

“Америкалык студенттердин Кыргызстанда окуу үчүн жыл сайын виза алганы сыяктуу эле, виза алуу үчүн кайрылган кыргыз студенттери АКШда бир жылдык окуу үчүн жарактуу виза алышат жана жыл сайын визаларын узартуу үчүн АКШнын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат” – деп билдирди АКШ элчилигинин өкүлү Нолан Джонсон.

Ошол эле учурда, элчилик Мамлекеттик департамент сунушталып жаткан эреже өзгөртүүлөрү боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок деп белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШда кыргызстандыктар үчүн студенттик виза мөөнөтү эки жылга чейин чектелиши мүмкүн деген маалымат болгон. Тактап айтканда, АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жаңы эрежени сунуштаган, ага ылайык, жарандар жана тийиштүү тизмедеги өлкөлөрдөн келген адамдар төрт жыл бою окуу талап кылынган университетте диплом ала албай калышат, анткени алардын студенттик визасы эки жылга гана жарактуу болот. Белгиленгендей, жаңы демилге тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары  визаларынын мөөнөтү бүткөндөн кийин АКШда кала бериши менен байланыштуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: