Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобуна Чолпон-Ата шаарында “Нуке” каймана аты бар адам баңги заттарды үйдө сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал 23 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну Э.Э., Бул жаран Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары оперативдүү каттоодо турган.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө шектүүнүн үйүндө ыйгарым укуктуу издөө жүргүзүлүп, ал жерден желим баштыкка мүнөздүү жыты бар кара кочкул жашыл зат табылып, кармалган. Көзөмөлдөө учурунда, алынган заттын салмагы 295 граммды түзгөн.
Кармалган адам Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ