Ооганстандын Кичи Памириндеги кыргыздардын башчысы Эраалы хан Мургабдагы ооруканада каза болду. Бул тууралу Памирдеги кыргыздарды иликтеп жүргөн журналист Жаңыл Жусупжан “Памир пресс” басылмасына шилтеме берип, фейсбуктагы баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, Эраалы хан 68 жашта болгон. Көптөн бери ооруп жаткандыктан аны Тажикстандын кыргыздар жашаган Мургаб районундагы ооруканага алып келишкен. Бирок хан ошол ооруканада көз жумган.
“Эраалы хан Кичи Памирдеги 400 түтүн кыргыздарга башчылык кылган. Илгери Рахманкул хан бул жерден Пакистанга, андан ары Түркияга ооп кетердин алдында да 400 түтүнгө башчылык кылганы белгилүү. Ал эми Улуу Памирдеги кыргыздардын ханы жок. Жалпысынан Ооганстандын Памиринде 1500 кыргыз жашайт, ” – деп жазат журналист Жаңыл Жусупжан.
Эраалы хан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ