“Өмүрбек Текебаевдин акыркы учурдагы жүрүш-турушу мага түшүнүксүз болуп жатат. Ал эми 2010-жылдагы мародерчулук окуясы 7-апрель революциясынын тарыхына өзүнчө кара так болуп калды”, – деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев.
“Биз мародерчулук иштин бетин ачып, акыр-аягына чейин жеткиришибиз керек. Президент 31-августтагы сөзүндө да бул иштин бети баары бир ачылат “кыңыр иш кырк жылда билинет” деп айтты, бул туура сөз. Мага Текебаевдин акыркы учурдагы жүрүш-турушу түшүнүксүз болуп жатат. Мародерчулук жөнүндө сөз болсо эле Текебаев өзүнө алып эле, ызаланып кыйкырып чыгат. Элдин арасында да Текебаевдин аты мародерчулукка байланып калган. Текебаев деген ким деп сурсаң баары эле мародерчулук тууралу айтышат. Акыркы учурларда ал башка фракциялардын лидерлерине, президентке асыла баштады. Басма сөздө ал мен эркекмин деп кыйкырат. Ушул саясатчы айта турган сөзбү? Анан ал мародерлор СДПКда да бар дейт. Мародерлор кайсы фракцияда бар экенине карабай биз аларды ачыкка чыгарышыбыз керек”, – деди Мискенбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ