Menu

Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго байланыштуу текшерүү иштери башталды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин берген арыздын материалдары Ички иштер министрлигине келип түштү. Бул тууралуу ИИМ журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Мелис Аспековго байланыштуу текшерүү Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына, Төрөхан Жунусбековго Талас облусунун Ички иштер башкармалыгына тапшырылды. Материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын көзөмөлүндө.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин БШКга жана Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазган. Анын айтымында, алар президенттикке талапкердин штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок, бирок алар өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: