Menu

Президенттин демилгеси жакшы, бирок тизмеге аяр мамиле керек

Бөлүшүү:

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Талас облусуна иш сапары менен барды. Эл менен жолугушуу учурунда, президент жакынкы аралыкта Кыргызстандын мурунку премьер-министрлери, Жогорку Кеңешинин мурунку спикерлери менен жолугушууну пландап жатканын билдирди. Мындай уй мүйүз тартып кеңеш курайын дегени жакшы жөрөлгө. Бирок деген маселе бар. Айтайын дегенибиз, кимдер менен жолугуш керек деген маселеге өтө аяр мамиле кылуу зарыл. Анткени азыр коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштап, элди кубантып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга айыпталгандар менен бир столго отуруп, алардын кеңешин угууга муктаж эмес. Демек, коррупцияга айыпталып соттолуп, айып төлөп чыгышкан Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков, экс-премьер министр Игорь Чудинов дегендерден алыс болуу кажет. Ар кимдин ишмердүүлүгүнө жараша чакырылыш керек. Болбосо абактагы экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковду да президенттик жолугушууга чакыруу керек болуп калат. Анткени Сатыбалдиев менен Сапар Исаков али сот тарабынан кылмышкер деп тааныла элек. Мына ошондуктан тизмеге кылдат мамиле кылуу милдет.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: