Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы Жаңы-Жол айылындагы мектептин окуучу кыздары сайдын түбүнө барып, бир нерсени чечише албай, массалык түрдө мушташкан окуя социалдык тармактарга тарады. Бул окуя 18-ноябрда болгон. Анда кыздар эркекче сөгүнүп, бири-бирин беттен алып, чачтан жулган. Бул окуя боюнча мектептин директору, милиция унчуга элек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ