Menu

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын ченемдериндеги карама-каршылыктарды, кемчиликтерди жана боштуктарды жокко чыгаруу, Евразия Экономикалык Биримдигинин укуктук ченемдик актылары менен гармонизациялоо жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: