Menu

Меркелдин оор күндөрү

Бөлүшүү:

ZDF телеканалы Ангела Меркель Германия канцлери кызматынан кетпей турганын жазды. Коалиция жеңилип калса, отставкага кетүү мүмкүнбү деген телеканалдын суроосуна Меркель мамлекетти андан ары дагы башкарууга даяр экенин билдирген. «Мен шайлоо алдындагы программаларымда белгиленген убадаларымдан баш тартууга ниеттенген жокмун», деген ал.

Эркин демократтар партиясы сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен соң, Германияда коалициялык өкмөттү түзүү боюнча макулдашуулар оңунан чыкпай калып, немис саясатында күтүлбөгө окуя болду. Washington Post Германияда жаңы парламенттик шайлоолор болушу ыктымал экенин жазды. Басылма бир нече ай мурун эле Ангела Меркель Европадагы күчтүү жетекчилердин бири катары эсептелгенин, атүгүл айрымдар аны президент Трампты олимптен сүрүп чыгарып, Батыш дүйнөсүндөгү лидер болду деп жүрүшкөнүн белгиледи. Бирок азыр ал Германияда дагы таасирдүү саясатчы катары эсептелбей калды, деп жазды гезит.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: