Menu

Эркин Рыскулбеков, алып баруучу: Былтыр Кыргызстандан аябай кетким келген

Бөлүшүү:

—Эркин, бир туугандай болуп калган Салтанат Саматованы жоготуу сага өзгөчө оор болду окшойт…

—Ажалга айла жок экен. Колдон келишинче татыктуу узатууга аракет жасадык. Кыргыз өкмөтү дагы Ала-Арчадан жай берип, туугандарын, жакындарын абдан ыраазы кылышты. Чынын айтсам, ичим ачышканы дагы деле басыла элек. Дагы деле ишенбей жүрөм. Дарылатууга болгон аракетибизди кылдык. Бирок тилекке каршы бул дарттын алдын эч ким ала албайт экен. Сактай албай калдык.

—Шоу-бизнес чөйрөсүндөгүлөр жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн тыйын чогултуп жатат деген кептер бар..?

—Ооба, кыркына чейин дагы бир аз чогултуп анан алып барып беребиз. Эми ал акча Салтанатты ата-энесине кайрып бере албайт, ордун толтурбайт. Ошентсе дагы бир аз жашоосунун материалдык жактан керектөөсүнө жарасын деп жатабыз. Кызы али мектепке бара элек, уулу эми гана мектепти аяктоо алдында турат. Жездеге деле жаман иш болду. Кыскасы Кудай башка салбасын, ишенип ишене албай жүрөм.

—Учурда өзүң эмне менен алек болуп жүрөсүң?

—Жеке ишкерлик кылам, андан сырткары элибиздин жакшылыктарында кызмат кылуу менен алекмин. Кудай элибизге ырыскы берип турса, биз дайыма кызматта болобуз. Мындан сырткары «Миллионер» теле берүүбүздү кайра тарталы деп жатабыз. Буйруса сентябрь айынан баштап эфирге чыга баштайм. Кыскасы баягы эле бүтпөгөн жашоо. Мындан сырткары бир аз долбоорлор бар, алар менен алек болуп жүрөм.

—Баса, ошол «Миллионер» аттуу телеберүүдө «Анда эмесе тойду баштайлы» деп сүйлөп ийгенсиң, ошол интернет колдонуучулары арасында күлкү жараткан. Эфир учурунда күлкүлүү окуялар бат-бат кайталанып турабы?

—Ооба, аны өзүм да байкабай сүйлөп алдым. Мени менен эфирге келгендер деле сезген эмес. Өзүм токтоно албай күлүп, билдирип койгом. Жарым саат күлүп атып араң эфирди улантканбыз. Мындай учурлар көп эле болот. «Кыргыз-Түрк» телекөпүрөсүн алып барып жүргөндө Нурзат Токтосунова экөөбүз өнөктөш болчубуз. Бир күнү Нурзат эфирге кечигип келди да дароо ишке киришти. Сүйлөп баштаган, мен болсо Нурзатты бир карайын деп карасам көйнөгүн тескери кийип алыптыр, тигиштери сыртында жүрөт. Ошол жерден күлкүмдү токтото албайм. Режиссёр болсо кулагымдагы «наушниктен» кыйкырып атат. Түз эфирден ыр берилип калганда Нурзатка айттым. Ал да күлкүсүн токтото албай, акыры режиссёрдон сөгүш алып, иштеген акчабызды да албай калганбыз.

—КТРден башка телеканалдардан да сунуштар болобу?

—Мактангандай болбоюн, аябай көп сунуштар түшүп турат. Керек болсо жетекчилик кызматтарга да сунуштар болгондо баш тарткам. Жетекчи десе эле барып креслону ээлеп олтуруп калуу эмес, кызмат кылуу керек. Элдин кызматында болуудан Кудай айрыбасын. Бирок сөзсүз эле жетекчи болуп бир жааматты башкарып эмес, түз жүрүп, түз иштеп, ак жүрсөң ошол дагы чоң кызмат болуп эсептелинет.

—Сен таптаган шакирттер барбы?

—«Эркин байке, сиздей болот элем, окутуңузчу» дегендер аябай көп. Мен аларга дайыма «мен мугалим эмесмин, эч кимди окутпайм. Тескерисинче өзүм көп нерсени окуп үйрөнүүгө туура келүүдө. Мени ээрчип жүргүлө. Балким жакшы нерсе үйрөнөөрсүңөр» деп көп айтам. Мектеп ачып окутууга менде убакыт да, каалоо да жок.

—Алдыда мамлекеттик кызматтарга келейин деген ой барбы?

—Алдыдагы күндөрүмдү бир гана Кудай билет. Мамлекетке эмгек сиңириш үчүн сөзсүз эле креслого олтуруп депутат, министр же директор болбосо деле болот. Эл журтка кызматты жакшылыгында деле жасайбыз. Ар ким колунан келген ишти кылса жакшы болмок.

—Акыркы учурда кыргыздын тойлорундагы тамадалардын өзгөчөлөнүү аракеттери жоктой, сага сезилеби?

—Бул боюнча кенен сүйлөшүп бир чечимге келгенбиз. Мындан кийин: «беш галстук, эки бут кийим чечип кел, экиден чыгып бийле» деген жарышмайлар жок болот. Муну элибиз да жакшы кабыл албайт, салтыбыз да көтөрө албайт дегеним. Мындан сырткары мен дайыма той берип жаткандарга «кытайдын эч ким кийбеген калпагын, жоолугун таратпагыла. Бул ысырапкорчулук» деп кеңеш берем. Натыйжада көп адамдар азыр таратпай калышты. Тойдун акырында торт берилет эмеспи, ал байкуш торт таратылганы менен желбей деле калат. Ошол торт кесүү болбогон нерсе. Тортту кесип алып келиндин кайнатасына жедиргени аябай одоно көрүнөт. Анан да ошол жөн гана акчанын ашыкча коромжусу дээр элем.

—Кыргызстандан кетип калгың келген учурлар болгонбу?

—Былтыр декабрь айында болду. 19-декабрда Карганбек Садыковичти  жөн гана камап салышты, Алмамбет Шыкмаматовдун соту болду. Кыскасы ушунчалык жаман акыбалда калгам. Кетким келип, пландарды түзө баштагам. Эгерде кетсем өзүм окуп келген Түркияга же Чехияга, балким Россияга кетмекмин. Анткени мен ушул эки өлкөдө өзүмдү абдан эркин сезем. Ал жактагы досторум деле жардам беришмек. Абдан кыйналып, кадимкидей кетким келген. Азыр эми баары жакшы.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: