Бир жума ичинде Бишкектеги ботаникалык бакта үч жолу өрт чыкты. Анын бирөөнү өздөрү өчүрүп, эки жолу өрт өчүргүчтөрдү чакырышкан. Бул тууралуу «24. kg» агенттигине бактын директору Медет Ахматов билдирди.
Анын айтымында, өрт жөн жерден чыккан эмес. Өткөн жылы бир да өрт болгон эмес. «Кечээ мына атайын күйгүзүштү деп ойлойбуз. Куураган чөп күйүп, эч бир чыгым болгон жок. Милиция текшерип чыгышы керек. Бул ветлабораториянын курулушу менен байланыштуу болушу да мүмкүн. Анткени жөн турган чөп өзүнөн-өзү күйүп кетпейт да», — деди ал.
Эскерте кетсек, Айыл-чарба мелиорация министрлиги ботаникалык бактын 4 гектар жерин бөлүп берүү сунушун өкмөткө жолдогон. Ал жерге ветеринарлык лаборатория куруу пландалууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ