Menu

Көз таңмай. “Карышкырга кой кайтарткан замана”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев генералдык штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиевге сөгүш жарыялады. Себеби, ал жетекчилик кылган кампадан көп сандагы ок-дары, курал-жарак уурдалыптыр. Бул боюнча иликтөөлөр жүрүүдө. “Карышкырга кой кайтарткан заманга” келдикпи?

Үстүбүздөгү айдын башында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин (эскиче коргоо министри) төрагасы, генерал-майор Марат Кенжисариевдин айдоочусу, чек ара кызматынын өкүлү менен биргеликте атайын кампадан уюшкан кылмыштуу топтун “арзыматтарына” Калашников үлгүсүндөгү (АКС-74) үч автоматты сатып жаткан жеринен күч органдарынын кылтагына илинген. Чуулгандуу кыңыр иштин бетинин ачылышы менен 2014-жылдан бери 26 автомат, 14 тапанча, 13 миңге жакын ок-дары сатылып-жоголгону аныкталып, 26 офицердин кыңыр иштеринин бети ачылса, ушул күндөрү баш-аягы 40ка жакын офицерлер айыпталып, 14 жетекчи кызматтан четтетилгендиги таңгалдырууда. Кызыгы, алардын катарында ИИМдеги 10-бөлүмдүн башчысы да курал сатканы үчүн күнөөлөнүп, кызматынан кол жуугандыгы болууда. Анан калса, коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевдин жөнөкөй айдоочусу килейген автоматтарды коркпой-үркпөй пулдаганы кандай? Үрөй учурат. Адатта мындай иштерге жогорку жетекчиликтен “добро” алмайын катардагы кызматкерлер кайдан батынсын? Бу жагынан генерал Кенжисариевдин да аты кандайдыр бир күмөндүү жагдайларды жаратпайбы? Мындай шартта бу генералдын буга чейинки баскан изине учкай сүртүм берип, өзүнө бир катар соболдорубузду жолдоп көрөлү. Үн катканга духу жетсе, албетте, коомчулук менен бирге анын да пикирин тыңдаарбыз.

Өткөн жылы куралдуу күчтөрдөгү жүргүзүлгөн реформанын эпкини менен коргоо министрлигин жоюп, ордуна коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти түзүшүп, көптөгөн ыйгарым укуктарын генералдык штабга өткөрүп, кубаттуу коргоо министрлигин “устукандап”, бөлүп салышат. Комитеттин жетекчилигине мурда-кийин коомчулукка анчейин аты-жыты белгисиз генерал дайындалат. Ошентип, өмүрү аскердик бөлүктө тыңгылыктуу иштебеген, кабинеттен чыкпай жүрүп, офицерлер арасында “паркетный генерал” атыккан Кенжисариев өлкөбүздүн коргоо жаатын көзөмөлдөп калат. Ал буга дейре коргоо министрлигинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасын жетектеп жүрүп, аскердик техникаларды сатып жүрдү беле? Балким бүгүн да көнгөн ишин улантып, айдоочусу аркылуу автоматтарды саттырып жатабы?..

Эсиңерде болсо, 2010-жылдын кандуу 7-апрель окуяларына саналуу күндөр калганда андагы каргыш тийгир ханзаада Максим Бакиев эл аралык деңгээлдеги аферист жан-жөөкөрлөрү менен океандын ары жагына расмий иш сапар менен кетишпеди беле? Дал ошол курамда азыркы каарман Марат Кенжисариев да бар болгондугун коомчулук биле бербесе керек. Максим Бакиевдин кареги менен тең айланып, табакташы болгон кайран Кенжисариев 7-апрель революциясына бир ай калганда кандуу бийликтен генералдыкты алгандыгын ачыктай алабы? Кудай анын жүзүн ары кылсын, эгер өлкөбүздө аскердик жүрүш башталса, Кенжисариев жана орун басары Адыл Курбанов алапайын таппай калышы мүмкүн. А.Курбанов эл аралык уюмдарда иштеп, өмүрү аскердик бөлүктөрдө иштебеген, армия жөнүндө түшүнүгү начар кадр экен. “Эки бакыр, бир тукур” дегендей, бу экөөнө ишенген элибиздин шору али алдыдабы?

Албетте, жогорудагыдай соболдорубуз бүгүн ачык бойдон турат. Өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатын тажрыйбасыз Темир Жумакадыров башкарса, коргоо министрлигин академиянын үч айлык курсун гана аяктаган билими тайкы Марат Кенжисариев колго алса, анда эртеңки абалыбыз кантет? Татыктуу аскердик билими жок ушундай кадрлар өлкөбүздүн негизги коргонуу, коопсуздук тармагынын “эки тизгин, бир чылбырын” мыкчып жатышса, автомат, ок-дары гана эмес, андан чоңураактары да сатылып кетпейби? Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаев мындай олуттуу маселеге көз кырын салып, чечкиндүү түрдө кадрларды өзгөртө алабы?..

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ     

Булак: “Азия ньюс”         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: