2017-жылдын 31-июлунда саат 09:38 чамасында Бишкек шаарыныны 10-кичи районунда 34-үйдүн жанында жайгашкан “ТриАда” дүкөнүндө электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Натыйжада жыгач устундуу калай жабылган аянты 85 чарчы метр дүкөн, тондургучтар, муздаткычтар, азык-түлүк товарлары менен толук күйгөн. Жыгач устундуу калай жабылган аянты 10 чарчы метр “Запивайка” сыра куючу дүкөнчөнүн ДВП менен капталган ички жасалгасы, сыра куюлган челектери күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 5-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ