Menu

Экс-премьер Темир Сариев дүйүм тамак менен элитаны сыйлады

Бөлүшүү:

Кечээ 28-сентябрда экс-премьер-министр Темир Сариев кыргыз интеллигенциясынын кеңири катмарына “Консул” ресторанынан чай берип, батага арзыды. Конок күтүүнүн шылтоосун Темике өлкөбүз көз карандысыздыкты алган 25 жылдыгын бетке кармап, бул аралыкта эгемен мамлекетибизди чыңдоого салым кошкон каймактарды чакырып чай берүүнү эп көргөн.

Бата-чай адеп жайдын соңку айларына белгиленгени менен ал ортодо Москвада өрттөн жабыркаган жарандарыбыздын жан-кайгысынан өлкөбүз аза күтүп жатканда, экс-премьер конок күтүүнү каалабай күзгө жылдырган экен. Буюрган убакыт-сааты кечээ чыккан жөрөлгөгө Кыргыз Эл Баатырлары Бексултан Жакиев, Мамбет Мамакеев сындуу аксакалдар, Кайыргүл Сартбаева баштаган искусство жылдыздары, Бейшен Болотбеков өңдүү тажрыйбалуу мамлекетчил инсандар, Турсунбек Чыңгышев, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган экс-премьерлерден куралган жоон топ өкүлдөр, журналисттер, спортсмендер, Сариев бийликте турганда анын жардамы менен агарып-көгөргөн жаш командасы жана өнөр адамдары катышты. Албетте, улуу-кичүүдөн жабыла бата алгандын өзү келерки ажолук жарышка карата көрүлгөн камылга эмеспи? Кезинде мындай жөрөлгөнү Алмазбек Шаршенович да бийликке келерге бир жыл калганда ыраматылык Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев баштаган абройлуу аксакалдардан бата алып, жыл айланбай ооматы артып, иши жүрүшүп кеткенин эске алсак, анда Темикеге да интеллигенциянын батасы тийсе, агарып-көгөрдү дей берсеңер болот. Сариевдин мындай саамалыгын уккан саясаттагы оппоненттеринин “ичтери өтө” баштайт го эми…

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ       

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: