ИИМдин мурдагы орун басары К.Асановдун жубайын Аскер прокуратурасына суракка чакыпбай калышканын жактоочу Чынара Жакупбекова 24-январда билдирди.
Аскер прокуратурасы Гүлнара Усенкановага карата ишти кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттаган.
Белгилүү болгондой К.Асановдун жубайы мурда бир нече фирмалардын ээси болгон. Башкы прокуратура салык төлөбөгөнү боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Аскер прокуратурасына өткөрүп берген.
“Курсан Асанов жөнүндө айтсам, тергөө уланууда. Январдын аягына чейин иш соңуна чыгып калат, ошондо матреиалдар менен тааныша баштайбыз. Кошумчалай кетсем, К.Асановду Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иште айыпталгандардын тизмесине киргизишкен жок”. –дейт жактоочусу Чынара айым.
Белгилей кетсек курсан Асановго дагы бир айып тагылган. Анын жашыруун маалыматтарды журналисттерге бергенине шектенишүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ