Menu

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча чараларды көрүү чечимин кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-отябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Өкмөт башчысы эске салгандай, ушул жылдын 10-октябрында, казак тараптын чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарындагы текшерип өткөрүү эрежелерин күчөткөндүгүнө байланыштуу кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон.
Премьер-министр келип чыккан кырдаалдан Кыргызстандын, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлери жабыркап жатканын баса белгиледи. Мындан сырткары ал жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык чек арада жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Казакстандын ишкерлери экендиги аныкталганын кошумчалады.
Сапар Исаков белгилегендей, Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен болгон бир нече жолку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чек арадагы абалды жөнгө салуу багытында биргеликте иштелип чыккан «Жол картасына» белгисиз себептерден улам, азыркыга чейин кол коюла элек.
Мындан сырткары Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан маселени чечүү боюнча бир катар тапшырмалар берилгенин, алардын бири чыгымга учуруган товар өндүрүүчүлөргө, оор жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун даярдоо экенин билдирди.
Өкмөт башчысы кандай гана кырдаал түзүлбөсүн Кыргызстан менен Казакстандын эли боордош эл катары каларын баса белгиледи.
«Кыргызстан суверендүү көз карандысыз өлкө болуп саналат. Өлкөнүн саясатын жүргүзүүдө эч кандай санкциялар таасир эте албайт», -деди Сапар Исаков.
Экономика министри Артем Новиков маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында, ишкерлерге келтирилген чыгымдарды аныктоо максатында бизнес-ассоциацияларынын, оор жүк ташыган айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун мүчөлөрү менен биргеликте көчмө сурамжылоо өткөрүлгөн.
Экономика министринин билдирүүсүндө 349 айдоочуга сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын бир суткалык чыгымдары эсептелип чыккан. Аны менен бирге бир оор жүк ташуучу унаа кезеги жетип чек арадан өткөнчө 5-6 күн өтөт.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдиргендей, бүгүнкү күндө «Ак-Тилек автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунда 460 оор жүк ташуучу унаа, «Чон-Капка» көзөмөл өткөрүү пунктунда 90, ал эми «Чалдовар автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунда 16 оор жүк ташуучу унаалар кезекте турушат.
Анын маалыматында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында күчөтүлгөн текшерүү киргизилгенден баштап, оор жүк ташуучу унаалардын чек ара аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү төмөндөгөн.
Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт бул абалда чек арада товары менен турган унаалардын ээлерине, ишкерлерге максималдуу колдоо көрсөтүшү керектигин баса белгиледи.
Буга байланыштуу Премьер-министр Сапар Исаков жумушчу жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз-казак чек арасындагы абалдан жабыр тарткан ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары» тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Өкмөт башчы кол коюлган токтомдун ар бир пунктун аткаруу өзгөчө көзөмөлдө болорун эскертип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине анын эффективдүү жана сапаттуу ишке ашуусун камсыз кылууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: