Мээлейдей алмашкан алты өкмөт башчы менен тил табышып иштөө ар бир министрдин эле колунан келе бербейт. Анын үстүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түйшүктүү тармак болгондуктан, аны алып кетүү оңойго турбайт дегендей. Бирок, Кубатбек Боронов дасыккан адис экендигин айгинелеп, эң узак мөөнөт олтурган министр боло алды. Алдыда кылычын сүйрөп кыш келе жатат. Ашуулар жабылмай, көчкү түшмөй деген сыяктуу толгон токой иштер күтүлүүдө. Жолго бир тоголок кар түшсө деле ӨКМ каякта деп карайлап калчу айдоочулар андай милдеттер транспорт министрлигине караарын деле билишпейт. Кубатбек Айылчиевичке Кудай күч кубат берсин эми.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ