Menu

Жалал-Абадда диний окуу жайлар арасында көчмө семинар өттү

Бөлүшүү:

2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын жана Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата иш чараларды уюштуруу максатында Сузак районундагы «Биби Рабия» медресесинде көчмө семинар уюштурулду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билидрет.

Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары, мугалимдер, уюштуруучулар, аталган окуу жайдын студенттери жана мугалимдери катышты. Көчмө семинардын программасына ылайык катышуучулар алгач медресе менен таанышып, ачык сабакка,  класстан тышкаркы ишке күбө болушту. Ачык сабак сарф сабагы боюнча өтүлүп, окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми класстан тышкаркы иш боюнча “Адеп-ахлак жана толеранттуулук” аттуу чакан кече уюштурулуп, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Класстан тышкаркы иште саламдашуу, интермедия, Манас айтуу, хадис жана Куран айтуу рубрикалары камтылган. Иш чаранын соңунда ачык сабакка жана класcтан тышкаркы ишке анализ берилип, кемчиликтер жана жетишкендиктер айтылып, сунуштар берилди. Жыйынтыгында ачык сабак жана класcтан тышкаркы ишке “жакшы” деген баа берилди.

Көчмө семинардын жүрүшүндө “Тест түзүүнүн жолдору” маселеси талкууланып, жаш мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан соң 2017-2018-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында хадис сабагынан олимпиада өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Жыйынтыгында 1-курстар үчүн 40 хадис китебинен кыргыз тилинде жүргүзүлсө, ал эми 2-3-4-курстар үчүн 40 хадис китебинен араб тилинде жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, облус аймагында бардык диний окуу жайлар арасында көчмө семинардын программасы облус казысы тарабынан бекитилип, буга чейин Сузак районуна караштуу “Арстанбап ата” медресесинде өткөн болчу. Келерки көчмө семинар ушул эле райондун “Имам Аьзам” медресесинде өтүлүүсү күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: