Menu

Камчыбек Исраилов, Ала- БУка районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы: Биз үчүн элдин талабы маанилүү

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык. 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланган. Буга ылайык. айылдарда жигердүү иш-аракеттер жүрүп жатканын байкоодобуз. Биздин гезит бул жылы алыскы аймактардагы айылдарда эмне өзгөрүү болуп жатканына өзгөче көңүл буруп, тынымсыз чагылдырып келе жатат. Бул сапар биз Ала-Бука районунун Кок-Серек айыл өкмөтүндө болуп, жүз берген жакшылыктардан кабар алдык, Анда кеп аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Исраиловдо…

– Камчыбек мырза, адегенде кепти “айыл өкмөтүнун кандаи орчундуу маселелери бар?”- деген суроодон баштасак. Ал масе-лелерди чечуунун кандай жолдо-рун ойлонуштуруп жатасыздар, канчоосу чечилди?

– Быйылкы 2018-жылды пре-зидентибиз Сооронбай Шарипович аймактарды өнүктүрүү жылы деп жа-рыялаган эмеспи. Анын алкагында биз дагы аймагыбызды көтөрүүнүн аракетин көрүүдөбүз. Жыл башын-да айыл өкмөтүнүн чоң иш планын түзгөнбүз. Бир катар долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга белсендик. Аларды айта кетсем, айыл өкмөтүбүздө Бир-лешкен деген айыл бар, анын 1,5 ча-кырымын жарыктандыруу иштерин Өнүктүрүу фонддун эсебинен июль айында соңуна чыгардык. Ушул эле айылга аталган фонддун эсебинен 1,5 чакырым жолю асфальт төшөгөнү турабыз. Буйруса, августтун аяк че-нинде аяктап калат. Тенги айылына да 2,5 чакырым жолго асфальт төшөгөнү турабыз. Аны аяктоонун акыркы мөөнөтү деп 30-августту белгиледик. Андан сырткары Тенги айылынын чегарага жакын жайгашкан тарабын да 1,5 чакырым жерин гранггын жана айыл өкмөттүн эсебинен жарыктандыруу ниетибиз бар. Бул да болсо чегарага жакын жерлерде мал ууру-лук болбосун деген ниет. Ошондой эле Тенги айылындагы оорукананын терапия бөлүмүнө биздин суранычы-быз менен “КАЗ Минерале Бозымчак” компаниясы автоунаа алып берди. Элге эң биринчи ден соолук керек эмеспи, ден соолук болсо гана башка ийгиликтер коштойт. Республикалык бюджеттен Транспорт министрлигине кайрылып жатып, каражат бөлдүрүп, айыл өкмөтүнө караштуу аймакка көпүрө курдук.

– Аткарган иштериңиздер ар-6ын жен, чечилбей калган масе-ле барбы?

– Албетте, көйгөйдөн да куру эмеспиз. Бизде эң чоң маселе – таза суу маселеси. Жакында айылдык кеңештин депутаттары менен макул-дашып, президент Сооронбай Жээн-бековго кайрылуу жолдодук. Биз да карап турбай, “донорлор менен бир-геликте чечебиз”- деген ниетте долбоорлорду даярдап жатабыз. Айыл айыл кыдырып, жыйын өткөрөбүз да, кайсы жерге барбайлы, эл таза суу ма-селесин айтышып, чечип бергиле деп талап кылышууда. Майда нерселерди өз аракетибиз менен деле иш жүзүнө ашыра алабыз, бирок, таза сууга да-раметибиз жетпей турат. 14 миллион 300 миң сомго тендер өткөрүп жатабыз, Тенги айылынын борборуна стадион куруу тилегибиз бар. Буйруса, курулушун баштап алсак, ушул жыл-дын декабрь айына чейин бүткөрүп, бул жылдагы иш-аракетибизди ошо-ну менен жыйынтыктап, ачылыш аземин өткөрөбүз. Спорт жаштардын келечегин бекемдейт. Балдарыбыз жаш чагынан спорт менен машыгып чоңойсо, ден соолугу да чың болуп, жаман адаттардан да алые болоору-на көзүбүз жетип, келечек муун үчүн пайдалуу иштерди аткарууга аракет кылуудабыз.

– Таза суу орчундуу маселе тур-байбы, 2020-жылга чейин бул маселе да чечилип калаарын айтып жатасыз. Ал үчун кандай аракет-терди керуп атасыздар?

– Жыл жыйынтыгына чейин алдыңкы айыл өкмөттөрдүн ката-рына киребиз деген ниетте турабыз. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деп коет эмеспи, биздин кеп иштерибиз ынтымагыбыз бар үчүн алдыга жы-лууда. Айылдык кеңештин терагасы Калмурат Эсеналиев, депутаттар менен чогуу акылдашып, эмне ма-селе болбосун чогуу чечүүгө аракет-тенебиз. Айыл өкмөт дагы үй-бүлө сыңары, ынтымактуу болуп, биринин акылына бири кулак тошосо, ырыс-кешик, береке келет. Ошондон улам, ушул калыбыбызда ынтымакты туу тутуп, чогуу аракеттене берсек, таза суу да чечилээрине көзүм жетет. Пре-зидентибиз бир жылды эле аймактарды өнүктүрүү жылы дебей, беш-алты жыл бою аймактарды алдыга жыл-дыруу аракетин көрүү керек дебеди-би. Биз да ушул максатты карманып, беш-алты жыл алдыга өнүгүү планда-рын түздүк. Балдар бакчасын куруу, жолдорду оңдоо, социалдык обьекти-лерди толук кандуу оңдоодон өткөрүү башкы багытыбыз.

– Сиздин оюңузча, айыл өкмөт башчысы кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Менин айыл окмотто иштеге-ниме 17-18 жыл болду, башчы болуп 5 жылдан бери иштеп келатам. Элдин кандай муктаждыгы бар экенин, элди кантип биримдикке чакырса болоор-лугун жакшы билем. Менимче, айыл өкмөт башчысында ийкемдүүлүк, маалыматтарды тез кабыл алып, ошого жараша чечим чыгара билген эпчил-дик сапаттар болууга тийиш. Эл уга билип, аракетчил, чарбачыл болсо ийгиликтерди багынта алат. Биз үчүн элдин талабы маанилуу. Эл койгон талапты депутаттар менен биргеликте карап, чечүү жолдорун табууга умту-лабыз. Айыл өкмөтүбүз дотацияда турат, 8 миллион сом бюджетибиз болгондуктан, бизге азыр элди туура багыттап, инвестиция тартуу зарыл. Буга да жөндөм, иш билгилик керек.

– Инвестиция демекчи, ар бир айылдын езунун артыкчылыкта-ры болот. Сиздердин аймактын артыкчылыктары кайсылар жана аны кантип пайдаланып жатасыздар?

– Чындыгында, биздин айыл өкмөт райондон 60 км алыстыкта жайгашкан, тоолуу аймак. Жаны-быздагы Көк-Таш айыл өкмөтүндө “КАЗ Минерале Бозымчак” компаниясы иштейт. Ал компания Кок-Ташка караганы менен бизге жанаша, коңшулаш жайгашкандыктан, биздин да айрым маселелерибизди чечип берүүдө. Мисалы, Кок-Таштын канча тургуну алтын компаниясында иште-се, бизден да ошончо адам ишке ка-был алынган. Иш менен камсыз бол-гон тургундар үй-бүлөсүн камсыздап, анысы менен айыл өкмөткө да пайда келтирип жатпайбы. Ошондой эле аталган компания балдар бакчасы-на, ооруканага оцдоо иштерин жасап беришти. Бирок, ар кандай маселеде жакшы, анан жаман жагы болот эмеспи. Компания тургундардын баарын ишке кабыл ала албайт да. Анан ишке кирбей калган тургундардын ар кандай нааразычылыгы пайда болот экен. Биз аракетибиздин жетишинче, 500 жумуш оруну бар болсо, аны ЮООге жеткирип, “баарьщарды ала албайт да” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакында жер ичиндеги иш-тер башталат экен, ал башталса дагы жергиликтүү тургундардан жумушка алабыз дешти. Ошол болсо, тургунда-рыбыздын дагы көп бөлүгү жумуш менен камсыздалып калмак деп кубанып турабыз.

Абдурахим Нарбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: