Партиялык система менен өкмөт курала баштаган күндөн бери жогорку кызматтардын баркы кетип, министрликтер устакан бөлүштүргөндөй таратылып келет. Кадрлар иш тажрыйбасы же жөндөмүнө карай тандалбастан, кайсы бир партияга жасаган кызматы үчүн дайындалып жатканына жалпыбыз күбөбүз. Мындан улам министр болууну оюнчук катары көргөн жарандардын жоон тобу пайда болду. Дегенибиз, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын жакында кетээри айтыла баштады. Кызыгы, анын ордун ээлегенге Лунара Мамытова жан үрөп чуркап, депутаттардын эшигин жыртып жүргөнүн эшиттик. Максатына жетер бекен?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ