Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Канатбек Азизди сунуш кылды. Бул тууралуу фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов маалымдап чыкты. Анын айтымында, парламент жайкы каникулдан келген соң дароо акыйкатчыны шайлоо маселесин карашы керек. Мыйзам боюнча бир ай ичинде акыйкатчы шайланышы керек экенин эске салган Шыкмаматов эки айдан бери бул кызмат бош турганын белгиледи.
34 жаштагы Канатбек Азиз «Ата Мекен» фракциясынын катчылыгында эмгектенет.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ