Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Алтын-Ордо жаңы конушунун, тагыраагы, 5-көчөсүнүн жашоосуларынын атынан.
20 күн мурун такталбаган бир компания келип долбоорун, документтерин көрсөтпөстөн канализация казып, тез аранын ичинде чала-була көөмп кетишти да, акча чогултуп башташты. Сураган суммасы ар бир үйдөн 13000 (он үч миң сом). Кээ бир акча берген жарандарга эч кандай квитанция бербестен, акчаны чөнтөккө салышууда. Кыскасы, кылган иштеринин баары чатак. Баардык ишти жаза берсек кагаз, калем жетпейт. Бизге канализация, газ, жол өтө керек. Бирок келечектүү, коррупциясы жок, кепилдиги менен иш керек. Президент өзү «айткыла коррупцияны» деп атат. Мына, биз коррупцияны көрсөтүп жатабыз. Муну тыкыр иликтөөгө алса, балээ бети ачылат. Биз сиздерге ишенебиз. Тез келиңиздер. Өз ордунан чогуу көрүп, туура, так чечип алалы. Элди күттүргөн болбойт. Ырбап кетпесин. Кийинки кадам урматтуу президенттин өзүндө.
Биз катты тиешелүү органдардын баарына жөнөтөбүз. Алтын-Ордо жаңы конушунун 5-көчөсүнүн жашоочулары
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ