28-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына К.Д. атту жаран арыз менен кайрылып, анын “Форум” ишканасындагы үчүнчү кабаттагы кабинетинен 10 миң сомдук компьютер жана анын тетиктери уурдалганын билдирген. Ага чейин 17-декабрда да ушул эле ишкананын терезесинен ууру кирип, 15000 сомдук 2 компьютер уурдалганы тууралу арыз түшкөн. Бул тууралу бүгүн, 3-январда Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын ыкчам иликтөөлөрүнөн улам бул эки уурулукту жасаган, 1994-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу абагына киргизилди. Аны тинтүү учурунда жанынан бычак, беткап, колкап жана айрым уурдалган буюмдар табылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ