Menu

Кундуз Жолдубаева сотко, суракка кызын эмнеге ээрчитип жүргөнүн айтып берди

Бөлүшүү:

Үй камагындагы Кундуз Жолдубаева кичинекей кызын суракка да, сотко да ээрчитип жүрүп, элдин сынына катуу кабылган. Ал кызын эмнеге жанына ээрчитип жүргөнү тууралуу оюн орусча жазып, аны өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Анын орус тилинде постун кыргызчага оодарып бердик, ал төмөндө:
Анда ал: “Ушул постту жазсамбы, же тимеле койсомбу деп көпкө чейин чече албай жүрдүм. Акыры жазууну эп көрдүм. Менин 5 жаштагы Дарига кызым аябай акылдуу кыз. Балким, кеч төрөлгөн балдар,  тун балдар ошондой болор. Ал такыр ыйлачу эмес, жоош болуп чоңойду. Кой-Таш окуясында кызым кайда болгонун баары билгиси келет. Жыл сайын жайында кызым таза абага дем алууга, чуркап ойноого жана сүт ичүүгө Нарынга, таене-таятасыныкына барып эс алып келет. Ата-энемдин биринчи көргөн небереси.

Кой-Таш окуясына байланыштуу суракта кызым мени менен УКМКга да барган, ММКларга интервью берген учурда жанымда болду. Бир курдай кызым гезитти колуна кармап алып мага чуркап келди.  Ал гезиттин башкы бетинде Алмазбек Атамбаевдин темир тор артында түшкөн сүрөтү туруптур. Аны көрсөтүп: “Апа, эмнеге Атамбаев темир тор артында жана капалуу отурат?”,- деп сурады. Кечирээк, кезектеги сурактан соң үйгө кайтканда кызым дагы мага суроо узатты: “Эмнеге сенин досторуңдун баарын камакка алып жатышат?”,- деп. Ал биринчи кезекте өз өлкөсүнүн эркин жараны. Мен аны дайым жеке инсан катары карайм, кызым өз пикирин айтууга, тандоого укугу бар.

Ошол күнү, 27-декабрда, бизди ИИМдин тергөө башкармалыгында 6 саат кармап, саат 20:00дө гана оор кылмышка шектелип жатканымды билдиришти. Камалам деген ой кетип, кызым менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурандым. Тилекке каршы, бизди криминалдык милициянын машинасы менен ыкчам топтун кызматкерлери коштоп сотко алып кетишти. Кечки саат он болуп баратат, жума күндүн кечи, жаңы жыл алдындагы “ызы-чуу” даярдык…

Сот залына эч кимди киргизишкен жок. Мындай көрүнүшкө ачуусу келген адвокат Замир Жоошев мени Даригуша менен коштошуп алсын деп күч менен алып чыкты. Тергөөчү менен прокурор 9-февралга чейин мени камакка алууну соттон суранышты. Ал учурда мен кандай абалда болгонумду элестете албайсыздар. Диванда отуруп алып сиздерге мораль тууралуу сүйлөө жеңил. Мен ал учурда бир гана нерсени – дагы бир жолу кызымды кучактап өөп, аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтып алууну ойлогом. Мен бул өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм“, – деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасы каралып, ал 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган. Ага үч: “барымтага алуу”, “массалык башаламандыкты уюштуруу” жана “бийликти күч менен басып алууну уюштуруу” айыбы тагылган. Сотко чейин Кой-Таштагы окуя боюнча бир топ жолу суракка алынган. Ал дайыма суракка бараарда жанына кичинекей кызын ээрчитип алат. Сот болгон күнү да сотко ээрчитип барып, аны сыртка үшүтүп, жөтөлтүп, күттүрүп койгон. Ал ортодо кызы менен коштошууга чыгып, коюлган үч айыпты журналисттерге айтып, мойнуна албастыгын айткан.

Жыл жаңыраарда, 31-декабрда, анын тарапташы журналист Назгүл Мамытова Кундуз Жолдубаевага дагы төрт оор кылмыш иши кошулганын, жалпысынан жети кылмыш болуп калганын кейип, жазып чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: