КСДП кийинки шайлоого эмитеден даярдык көрүп, катарын иргеп баштады. Партияга ортодон кошула калып жыргал-ызаатын көрүп, бирок тескери ушатып башкача ырдаган Кожобек Рыспаевге окшогондор кийинки парламенттик шайлоодо тизмеге кирбей турганы көрүнүп калды. Партия азыркы учурда жаңыланууга багыт алып, өзүн-өзү тазалоо этабын баштан кечирип жатканы маалым болду. Натыйжада Жогорку Кеңештеги КСДПнын бир топ депутаттары башка партиялардын этегин кармай турган болушту. Кээ бирлери эмитеден эле коңул издеп убара. Айрымдары Атамбаевдин өзүн КСДПдан чыгарабыз деген интрига менен алек. Канткен менен Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоодо кылдат даярдык көрүп, саясий чөйрөдө али болсо таасири, күчү бар экенин көргөзүп, көптүн көзүн ачып коюуга жан үрөйт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ