Үч кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен Аскарбек Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси карала элек.
Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн алкагында козголгон эң чуулуу иштердин биринин фигуранты – мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенине беш айдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында Шадиевге үч кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.
“Бир бол” фракциясынын мүчөсү болгон Аскарбек Шадиев расмий түрдө депутаттык ишмердигин жүргүзүүдө. Тактап айтканда, Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тарта парламент жыйынына келбей, шайлоочулар менен жолукпаса да учурда ал депутат бойдон кала берүүдө.
– Мыйзамда жазылган, парламент депутаты бир сессия ичинде 30 жумушчу күнүн себепсиз калтырып койсо, бул ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болот. Бирок ким канча күн келбегенин, кайсы жакта жүргөнүн, канча күн себепсиз же себеби менен келбей калганын БШК карабайт, муну Жогорку Кеңеш чечет. Эгерде парламент ушундай чечим кабыл алса, бизге кат берип, ошонун негизинде гана мандатты алуу маселеси каралат.
– Шадиевдин маселесин караш керек деген маалымат жок. Күн тартибине андай маселе коюла элек. Регламент боюнча бардык жол-жобосу каралган. Дал ушул эрежеге ылайык, парламенттин аппараты тактап, тиешелүү комитетке сунуш бериши керек.
“Бир бол” фракциясынын мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте мандат маселеси каралат деп ишендирүүдө:
– Эгер 30 күн ичинде жумушка келбесе, жүйөсү табылбаса мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча чечим кабыл алынат. Бул жерде мыйзамда так жазылган, 30 жумуш күн деп көрсөтүлгөн. Бизде болсо 30 пленардык жыйынга катышпаса ушул суроо көтөрүлөт.
Быйыл апрель айына чейин депутаттык менен бирге биринчи вице-премьер-министрлик кызматты ээлеген Аскарбек Шадиевге үч кылмыш иши козголгон.
Бул окуядан бир айдан ашык убакыт өткөн соң, тагырагы 1-июнда гана УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткени белгилүү болгон. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган.
25-июнда башкы прокурор Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, Шадиевге издөө жарыяланган. Мындан соң Аскарбек Шадиевге үчүнчү кылмыш иши козголуп, бул жолу эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо” беренеси боюнча айып тагылды.
Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнө таандык делген бир нече мүлккө жана банктагы эсебинде турган каражат камакка алынган. Бирок камакка алынган бир катар объекттер азыркы учурга чейин иштеп жатканы белгилүү болду. Ишти тергеп жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иш тергелип жатат деген маалыматты айтуу менен чектелүүдө.
Коомчулукта Шадиевдин жагдайы өлкөдө акыркы учурда башкы ураан катары жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө көлөкө түшүрүп жатканы айтылып келет.
Саясий эксперт Алмазбек Акматалиев бул күрөштө күмөн ойлорду калтырбаш үчүн Аскарбек Шадиевдин ишинде чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек деген пикирде:
– Сөзсүз түрдө депутаттык мандатын алыш керек. Азыр эми депутаттар каникулда жүрдүк деп айтып жатышса керек. Эң оор айыптар тагылган соң аларды улантып, эгер күнөөсүн сот аныктаса жазага тартууга аракеттер көрүлүш керек.
– Коррупцияга каршы күрөшүү эсебине 340 миллион сом төгүлгөнү азбы же көппү деп сурап жатасыз. Бул 5 миллион доллар экен. Бул күлкү. Эмне үчүн аларды төктүрө албай жатат? Мен айтпасам деле билип турасыңар. Азыркы бийлик ушунун көчүн улантам деп кетип бараткандан кийин ошол көч менен баратат. Бул кандай көч? Адилетсиздик, мыйзамсыздык, бардык нерсени пара менен чечүү. Экөөнүн көчү бир эле.
48 жаштагы Аскарбек Шадиев эгемендик жылдарында бир нече жогорку кызматтарды ээлеген. “Тазабек” порталынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы 100 бай адамдын алдыңкы сабына кошкон.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ