Menu

Марлен Маматалиев, ЖКнын депутаты: “Өкмөт дагы тоңмоюндук кылса, “кетсин” деген маселе көтөрөм”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-декабрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев өкмөт тоң моюндук кылып жатканын билдирди.

“Мен түтүн маселесин бүгүн үчүнчү ирээт көтөрүп жатам. Керек болсо он жолу көтөрөм. Бул маселе боюнча бир топ депутаттар, эл тараптан көтөрүлүп жатат. Бирок өкмөт тараптан көрүнүктүү иштер көрүнбөй жатат. Же ага жоопкерчиликтүү кызматкерлерди жоопко тартпай жатасыңар. Мындан кийин дагы тоңмоюндук кыла турган болсоңуздар, өкмөттү кетсин деген маселе көтөрөм. Эл үчүн, мамлекет үчүн берилген сунуштарды эч кабыл албай жатасыздар. Коррупцияга каршы мыйзамды үч ай мурун жазгам, азыркыга чейин өкмөт өзүнүн корутундусун бербей жатат” – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө нааразычылыгын айтты.

Мындан сырткары, депутат бир жыл мурун берген проектилерин да четке кагып койгонун айтып чыкты.

“Элдер кышында аялдамаларда тоңуп жатышат. Бир жыл мурун бюджеттен бир да сом албай, заманбап аялдамаларды куруу үчүн проектилерди берсем, ал дагы четке кагылды” – деп нааразы болду депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: