Жүрөк оорусунан жабыркап жаткан Өмүрбек Текебаевдин дарылануусу аягына чейин бүтө электе №47 колонияга которуп салууга кимдер кызыкдар болду? Ооруканадагы курсу бүтө электе эле шашылыш алып кетишкени таңгалдырууда. Учурда Текебаевдин абактагы абалы анчейин жакшы эмес, кан басымы тез-тез көтөрүлүп, жүрөк оорусу кайрадан кыйнап, кыймылсыз эле кечке жатат экен. Азырынча интервью берүүгө шайы келбей, кыйналып атканынан кабардар болдук. Ден соолук каалайбыз, Өмурбек Чиркешович! Эртелеп саясый майданга аралашып, топ жара алдыга чыгышыңызды күтөбүз. Бул күндөр да өтөт…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ