Menu

АКШнын ички коопсуздук министри кызматтан кетти

Бөлүшүү:

АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нильсен кызматтан кетти. Ал мындай кадамга президент Дональд Трамптын администрациясы менен Конгресстин ортосунда талаш жараткан өлкөнүн түштүк чек арасындагы чыңалуунун өсүшүнүн фонунда барды.

«Улуттук коопсуздук системасын реформалоодогу жетишкендиктерге карабастан, мен четке чыгууга убакыт келди деген чечим кабыл алдым», — деп жазды Нильсен президент Трампка жолдогон арызында. Ал ошондой эле жаңы министр Конгресс менен соттордун колдоосуна ээ болот деген үмүтүн билдирди.

Талдоочулардын көбү Нильсен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдөгү Конгресс жана соттор менен кызматташуунун деңгээлине нааразы болгонун билдирип жатышат. Ошондой эле ага АКШнын түштүк чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын азайтуу боюнча Ак үй менен президенттин жеке басымы болгону айтылууда.

Нильсен кезинде мыйзамсыз мигранттарды балдарынан ажыратуу саясаты үчүн коомчулуктун сынына кабылган. Алар бул адам укуктарын одоно бузуу экенин айтып келишкен. Мындай сындардан улам АКШ бийлиги бул саясаттан баш тарткан.

Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу кызматы үчүн Кирстен Нильсенге ыраазычылык билдирип, министрдин милдеттерин өлкөнүн Бажы жана чек ара кызматынын башчысы Кевин Макалинан аткара турганын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: