Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты. Анын сөөгү өзү жашаган үйдүн жанында табылган.
Бекетова 10 жылдан ашык «Казакстан темир жолчусу – Железнодорожник Казахстана» гезитинде иштеп, акыркы айларда Nur.kz жаңылыктар сайты менен кызматташа баштаган.
Журналисттин кесиптеши Елена Нефедованын айтымында, Бекетова төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап келген. Кичүү эгиз балдары жакында эле үчкө чыккан. Улуусу болсо Даун синдрому менен жабыркайт. Журналисттин кесиптештери анын үй-бүлөсүнө акча топтоо өнөктүгүн башташты.
Полиция Бекетовага Астананын 34 жаштагы тургуну кол салган болушу мүмкүн деп шектенүүдө. «Учурда шектүүнү колго түшүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. «Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери дагы башталды», – деп билдиришти Казакстан ИИМинин басма сөз кызматынан. Азырынча полиция анын Бекетовага кандай себептерден улам кол салганын жана бул окуянын анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланышы бар-жоктугун ачык айта элек.
Журналист менен коштошуу зыйнаты 27-сентябрда Астананын борбордук базарынын жанындагы мечитте болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ