Menu

Өзбекстанда мурдагы таасирдүү прокурор абактан ИИМдин госпиталына которулду

Бөлүшүү:

Мираглам Мирзаев.

Быйыл февралдан бери абакта отурган Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Мираглам Мирзаев ден соолугуна байланыштуу Өзбекстан ИИМинин госпиталына которулду.

Бул маалыматты Өзбекстан ИИМинин кызматкери жана Мираглам Мирзаевин үй-бүлөсүнө жакын өз булак билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мираглам Мирзаев инсульттан кийин араң кыймылдап калган жана квалификациялуу медициналык жардамга муктаж болууда. Натыйжада, 17-сентябрда аны ИИМ госпиталынын кайтарууга алынган палатасына которушкан.

Бирок дарыгерлердин бири “Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары кылмыш жазасынан кутулуу үчүн калп эле оорулуу көрүнүп жатканын” билдирүүдө.

Мираглам Мирзаев быйыл 23-февралда кармалган. Өзбекстан Башкы прокуратурасы аны ири өлчөмдө пара алуу жана башка кызматтык кылмыштарды жасоого айыптоодо.

Мирзаевге карата тергөө өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүүдө. Мираглам Мирзаевге “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Өзбекстан укук коргоо органдарынын офицери билдиргендей, мурдагы прокурор Рашид Кадыров Мираглам Мирзаевге каршы көрсөтмө берген. Мираглам Мирзаев менен чогуу анын аялы Мухаббат Хасанова жана башка туугандары да тергөө абагында суракка алынууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: