АКШ президенти Дональд Трамп Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн сириялык оппозицияны куралдандыруу боюнча жашыруун программаны жыйынтыктайт.
Washington Post гезити көз карандысыз расмий адамдарга таянып маалымдагандай, президент мындай чечимди бир ай мурун ЦРУ директору Майк Помпео жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Герберт Макмастер менен кеңешме өткөргөндөн кийин кабыл алган.
Помпео менен Макмастер бул маалымат боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.
Гезиттин өз булагы аталган программаны аягына чыгаруу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшкөн сириялык козголоңчуларга тиешеси жок экенин баса белгилеген.
АКШ 2013-жылдан тарта сириялык оппозицияга курал жеткирип баштаган. Бул мурдагы президент Барак Обаманын Сирияга карата саясатынын негизги пункттарынын бири болгон. Бирок Орусия 2015-жылы Сириядагы өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүп баштагандан кийин бул программанын каршылаштары анын эффективдүүлүгү жөнүндө маселени бир нече жолу көтөрүшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ