Menu

Кремль: “Малороссия” билдирүүсү – Захарченконун жеке демилгеси

Бөлүшүү:

Кремль өздөрүн “Донецк элдик республикасы” (ДНР) деп атаган жикчил аймактын башчысы Александр Захарченконун украин аймагында “Малороссия” аттуу жаңы мамлекет түзүлгөнү тууралуу билдирүүсүн “жеке демилге” деп атады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Кремль Захарченконун жарыясын ММКлар аркылуу билген. Песков Москва Минск келишимин сактай турганын кошумчалады.

ДНРдин башчылары “Малороссия” Украинанын Крымдан башка аймагында түзүлөрүн, Донецк шаары анын борбору катары саналарын, 19 облустан турарын билдиришкен. Бирок өздөрүн “Луганск элдик республикасы” (ЛНР) деп атаган аймактын өкүлдөрү болсо “Малороссиянын” түзүлүшүнө эч тиешеси жоктугун айтышкан.

Порошенко бул демилгени Орусиянын Украинаны бөлүп-жаруу аракети катары мүнөздөгөн.

Франция менен Германия Кремлди Захарченконун билдирүүсүн айыптоого чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: