Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашев көчөдө тилемчилик кылган 80 жаштагы Ашым Анарбаеванын үйүн бүтүрүүгө каражат жагынан жардамдашат. Бул туурасында калаа башчысы редакциябызга өзү кабарлады.
Анткени, Ош шаарына караштуу Озгур кыштагынын 80 жаштагы тургуну Ашим Анарбаева аптасына эки жолу Ош шаарынын борбордук көчөсүнө келип, тилемчилик кылчу эле. Мэрия кызматкерлери сураштырышканда, кемпир бул чогулткан каражаттарын “Боорукердик” балдар борборунда жашап жатышкан неберелерине үй куруп берүүгө ниеттенгендигин жашырган эмес. Себеби, Ашим апа болгону 5 миң 500 сом пенсия алат экен.
Ашим Анарбаеванын уулу каза тапкан, колунда эки неребеси калган, алар “Боорукердик” балдар борборунда үбактылуу жан сакташат.
Алишер Тосконбаев
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ