Menu

Орусиялык ММКлар: “Кыргызстан «демократия аралчасы» статусунан айрылды”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын башкы прокуратурасы 6-апрелде Zanoza маалымат ресурсу менен анын журналисти Нарын Айыпка кезектеги 3 млн. сомдук (45 миң АКШ доллары) доосун коюп, сотко берди. Бул доо президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо үчүн делинип, ал эми ага журналисттин макаласы негиз болгон. Ошону менен аталган медиага коюлган доонун көлөмү жалпысынан 20 млн. сомго жетти. Нарын Айыптын мүлкү сот чечими менен камакка алынды. Маалыматтык ресурстун эсеп-кысабы да камакта. Ага чейин Башпрокуратура Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо үчүн “Азаттык” радиосуна жалпысынан 20 млн. сомдук  эки доо коюп, эсебин камакка алган. Эл аралык укук коргоочу Фридом Хауз уюму Кыргызстанды “авторитардык өлкөдө”- деп атап, анын рейтингин кыйла төмөнгө түшүрдү.  Укук коргоочулардын айтымында, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев оппозициянын жана эркин медианын өкүлдөрүн куугунтуктоо менен өзүнөн мурдагы Президенттердин жолоюуна түштү.

Укук коргоочу Фридом Хауз уюму жакында өзүнүн “Өткөөл мезгилдин өлкөлөрү”  деген 22-жылдык докладын жарыялап, Борбордук Европа жана Евразиядагы 29 өлкөдө жүрүп жаткан демократиянын өнүгүшүн талдоого алган. Анда көпчүлүк өлкөлөр мурдагы көрсөткүчтөрүн кармап калууга жетишкен. Бир гана Кыргызстан өзүнүн ордунан кыйла төмөнгө түшүп, “авторитардык режимдерге консолидацияланган” өлкөлөрдүн, тагыраагы, Орусия, Беларусь, Азербайжан, Тажикистан, Казакстан жана  Түркмөнстандардын тобуна кирип калган.

Докладда Грузия, Молдова жана Украина өлкөлөрүнүн демократиялык өнүгүү көрсөткүчтөрү дээрлик өзгөрбөй, “өткөөл-гибриддик системадагы” мамлекеттер катары кала берген. Ал эми Фридом Хауздун баасы боюнча, Армения “жарым-жартылай авторитардык системадагы” өлкөлөр тобуна киргизилсе, Балтика боюндагы өлкөлөр “консолидардык демократиялуу”  топто калышкан.

Кыргызстандык саясатчы Равшан Жээнбеков “Независимая газета” басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөнүн демократиялык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн негизги себептерин атады. Анын пикиринде, акыркы учурларда бир катар терс көрүнүштөр орун алып, алар өз кезегинде эл аралык коомчулуктун, байкоочу, талдоочу уюмдардын демократиялык көрсөткүчтөрдү төмөн баалоосуна, мамлекеттин рейтинги түшүп кетишине негиз болуп берди. “Жарандык коомдун, саясатчылардын жана журналисттердин каршылыгына карабастан бийлик эч кандай саясий же экономикалык  орчундуу максаты жок эле Башмыйзамды өзгөрттү. Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Референдумду өткөрүү алдында бийлик атаандаштарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берген жок. Оппозиция коомчулук менен диалогго чыгууга, ММКлардан билдирүү жасоого мүмкүнчүлүк ала албай, өз мекендештерине өз көз карашын толук жеткире албады. Бул теңсалмаксыздык  эл аралык байкоочулар тарабынан белгиленди,”-дейт Жээнбеков.

Кыргыз саясатчысынын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү жана өзү көзөмөлдөгөн күч ведомстволору аркылуу сөз эркиндигин кысымга алуу боюнча ар кандай чараларды көрүп келет. Ал буга акыркы учурларда Башпрокуратура тарабынан президенттин беделин, аброюн коргоо максатында бир катар журналисттерге жана ММКларга тагылган миллиондогон долларлык айыптарды мисалга тартты.

«Акыркы эки жылда президент саясий каршылаштарына карата ар кандай шылтоолор менен биртоп кылмыш иштерин козгоду. Ал саясатчылар камакка алынып, учурда Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда отурушат”,-дейт Р. Жээнбеков. Ошону менен катар эле ал Президент жеке өзү дайыма саясий маселелер боюнча нейтралдуу позицияны карманган жарандык коомдун өкүлдүрүн кысымга алууга буйрук берип жатканын белгилейт

Фридом Хауздун докладында Алмазбек Атамбаев мурдагы кесиптештеринин катачылыгын кайталап, ММКлардын жана оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алып жатканы өзгөчө белгиленет. “Атамбаев  мурдагы президенттер Бакиев менен Акаевдин катачылыгын кайталап жатат деп эсептейбиз. Көзөмөл күчөп, оппозициянын жана медиалардын өкүлдөрүн, жарандык коомдун, парламенттик жана парламенттик эмес оппозицияны куугунтукка алуу белгилери ачык орун алды. Албетте, мунун баары мурдагыдай жыйынтык алып келет деп айтуу кыйын. Бирок, бул тенденция тынчсызданууга негиз берет. Кыргызстанда авторитардык методдор менен өз каалосуна жеткен президент боло элек”,-деп айтылат аталган уюмдун докладында.

Ал эми Атамбаев болсо “өлкөдө чындап коррупция менен системалуу күрөш башталганын, мамлекеттик башкаруу органдарында, тагыраагы бийликтин бийик эшалонунда  “ажыдаардан” тазалануу жүргөнүн” белгилейт. Анын айткандарына ишенсек, акыркы 5 жыл ичинде 7 миң коррупциялык кылмыш иши ачылып, алардын ичинде бийликтин жогорку тепкичиндеги чиновниктерге карата да чуулгандуу кылмыш иштери козголгон. “Бул, албетте, менин башка милдетим, Президент катары негизги миссиям болчу деп эсептейм. Эми келерки президент бейкапар гүлдөгөн мамлекетти, көзкарандысыз Кыргызстанды башкара берсе болот”, -деп айтты 3-апрелдеги туруктуу өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында президент Атамбаев.

Виктория Панфилова

“Независимая газета” басылмасынын жакынкы чет өлкөлөр саясаты
бөлүмүнүн баяндамачысы

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: