Menu

Москвада “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин атын жамынып, Кыргызстандыктарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

Маалыматка карганда, алар криминалдык авторитеттин жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин атын жамынып өздөрүнүн кылмыш иштерин жасап келишкен.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында топтолгон маалыматтар боюнча Москва шаарынын Нагорный районунда кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кармалган кылмыштуу топтун арасында 8 Кыргыз жараны бар экени аныкталган. Кармалган жарандардын арасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1992-жылы туулган Мадияр Касымбеков менен Сузак районунда 1993-жылы туулган Аскар Абдилманап уулу, “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин атын жамынып жарандардан ири өлчөмдөгү акчаларды алып келишкен.

“Москвада унаа токтотуучу жайда иштеген жарандар арыз менен кайрылышкан. Алардын бири Москва шаарына бир нече ай мурун иштөө үчүн келген. Андан октябрь айынын башында 20 миң рубль акча талап кылгандан улам ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Жабырлануучу Орусияга келүү үчүн унаасын сатып, такси токтотуучу жайда келишим түзбөй иштей баштаган. Бул жерден ал Аскар жана Мадияр аттуу балдарды жолуктурган. Алар август айында тапанча менен коркутуп, күч колдонуп анын 1600 долларын, телефонун жана баалуу буюмдарын тартып алган. Ошондой эле аты аталган эки жаран аны токойго алып барып, айдоочуларды сабап, эгер алардын талаптарын аткарбаса ушундай жаза күтөрүн айтып, акча талап кылышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан Кыргыз жарандарына таандык  35 паспорт, 54 айдоочулук күбөлүк, 3 аскердик билет, 10 миң рубль, жана пневматикалык тапанча табылган.

Учурда Нагорный райондук тергөө кызматы тарабынан унаа токтотуучу жайдын кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени такталууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: