Menu

Курама командалардын спортчуларын 2017-2020-жылдардагы спорттук эл аралык оюндарга катышууга даярдоо боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Уюштуруу комитетинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын алдыдагы 2018-жылдын комплекстүү спорттук эл аралык оюндарына  (2018-жылдын 18-августунан 2-сентябрга чейин XVIII Азия оюндары, 2018-жылдын 6 нан 13-октябрына чейин Жакарта жана Палембанг шаарларындагы (Индонезия) III Азия Пара оюндары, 2018-жылдын 6 нан 18-октябрына чейин Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина) өспүрүмдөрдүн Жайкы Олимпиада оюндары) даярдоонун жүрүшү талкууланды. Бул туралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Уюштуруу комитетинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын алдыдагы 2018-жылдын эл аралык спорттук оюндарына спорттук кийиминин жасалгасын жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары алдыдагы 2018-жылдын эл аралык спорттук оюндарына катышуунун жыйынтыгы боюнча спорт түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө жана алардын машыктыруучуларына берилүүчү бир жолку акчалай сыйлыктын өлчөмү жактырылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына бир жолку акчалай сыйлык берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2018-жылдагы оюндарда Кыргыз Республикасынын спортчуларынын курама командаларынын даярдыгы жана катышуусу үчүн шарттарды камсыздоо тапшырылды.

Муну менен бирге ведомство алдыдагы 2018-жылдагы оюндарга даярдануу жана  катышуу үчүн каржылоо графигин иштеп чыгып жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине алдыдагы мелдештерге даярдык көрүп жаткан Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларынын комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: