Бүгүнкү күндө обсервацияда 1097 адам жатат, ал эми үй карантининде 439 киши жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, байланышта болгон адамдардын бардыгынын өздүгү такталган.
“Алардын тизмеси күн сайын көзөмөлдөп туруу үчүн укук коргоо органдарына жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилди. Биз алардын кыймылын жана үй карантининин талаптары менен эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп турабыз” – деп билдирди министр.
Учурда Кыргызстан боюнча, 270 адамдан таажывирусу аныкталган, алардын ичинде 32 медициналык кызматкер бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ