Бүгүн, 20-январда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков бир катар коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Алыскы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман шаарчасынан Бишкекке келип, президенттин колунан сыйлык алган Тоту Мойдунов атындагы № 1 Макмал орто мектебинин директору Апал Базарова менен азыноолак баарлаштык. Ал «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамын алды. Анын айтымында, аталган мектептен мындан 45 жыл мурун (1974-жылы) Бозолаева Уултай аттуу мугалим ушундай наам алган экен, ошо бойдон эч ким албаптыр. Апал айымдын мектеп директору болуп эмгектенип келатканына он жыл болуптур. Анын айтымында, жетектеген мектебинде 103 мугалим иштеп, 1500 окуучу окуйт, эч кандай көйгөй жана ата-энелер фонду, мектеп фонду деген жок, ийгиликтер оголе көп. Аты чыгып калган окуучулары бар, ал Кыргыз эл артисти Алтынбек Максүтов. Аны менен бүгүн чогуу наам алып, сыймыктанып жатканын Апал Базарова баса белгиледи.
Апал Базарованын айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ