Бүгүн, 3-июнга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 16, Нарын облусунан – 7, Ош облусунан – 1, Баткен облусунан – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1871ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ