Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын февраль айында болгон окуучу кыздардын мушташы боюнча чечим чыгарды. Чечим Жогорку соттун сайтына жайгаштырылды.
Адамдын аты-жөндөрү өзгөртүлдү:
2020-жылы 11-февралда Дариха Бишкектеги мектептердин биринде Мадинанын оң кулагына урган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу ден-соолугуна бир аз зыян келтирген.
Сот отуруму учурунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Ошондой эле, Мадина Дариха аны мектептин 3-кабатынын тепкичине түртүп жибергенин, анын суроосуна жооп бербей, оң кулагына урганын айткан.
Жабырлануучунун өкүлү келтирилген материалдык зыян – 43 миң сомду Дариханын ата-энеси төлөп бергендигин, жабырлануучу тараптын айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экендигин белгиледи.
Сот айыпталуучунун күнөөсү далилденди жана аны алты айлык мөөнөткө эскертүү менен ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чарасын дайындоо менен күнөөлүү деп тапты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ