Улуу Британиянын Саутпорт шаарындагы суунун жээгинен тургундар, канаттары жана терилери менен белгисиз жандыктын өлүгүн табышкан. Бул тууралуу “Liverpool Echo” басылмасы жазып чыкты.
Социалдык тармактарда күбөлөрдүн тартып алган сүрөттөрү жарыяланган.
Жарым чирип кеткен белгисиз жандыктын узундугу 4,5 метрге жеткен.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул эмне жандык экенин биле алышкан жок. Көпчүлүк уй же жылкынын сөөгү деп болжолдошкон. Айрымдар аны башка планетадан келген жандык деп да айтышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ