«Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басары кызматы киргизилди. Бул токтомго бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.
Аталган чечим Кыргызстанда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы процесстерди жана маалыматтык технологияларды мындан ары автоматташтыруу максатында кабыл алынды.
Исаков бул кызмат коррупциянын алдын алууда өз салымын кошоорун да белгилеп өттү.
Токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар быйылкы жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чегинде төлөнөт.
Булак: “Экономика”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ