“Энергетика секторун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагындагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” компоненти боюнча 2015-жылы жабдыктарды алыш үчүн тендерлер өткөрүлгөн. Бул тендерге дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн компаниялар катышкан жана жеңүүчү болуп JOC Technical Engineering Co Ltd (КЭР) компаниясы аныкталган, – деп мекменин басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылы подрядчы тарабынан 500 киловольттук 2 күчтүк трансформаторлор алмаштырылган. Ал трансформаторлор бир жылдын ичинде эч бир эскертүүсүз, кемчиликсиз катаал кыш мезгилиндеги максималдуу электр жүгүн көтөрүп иштешти.
Долбоордун алкагындагы жабдыктар Азия Өнүктүрүү Банкынын жол-жоболорун катуу сактоо жана эл аралык стандарттарды колдонуу менен гана сатып алынат. Азыркы убакта орнотулган жабдыктар чыгарган заводдордун гарантиясында турушат.
Коопсуздук техникасынын, эмгекти коргоонун жана экологиялык коопсуздуктун ченемдерин (нормаларын) подрядчы тарабынан аткарылышынын көзөмөлдөө иштерин ар бир айда Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) экологиялык тобу ишке ашырат. Ошондой эле бул ишти эл аралык Fichtner консалтинг компаниясынын экологдору жана “Электр станциялар” ААКтын экологдору жүргүзүшөт.
Жогоруда аталган адистер жабдыктарда кандайдыр-бир бузулуулардын жана станцияда иштеген персоналдын ден соолугуна зыян келтирүүчү нерселердин жок экендигин баса белгилөөдө.
Трансформатор эл аралык стандарттарга ылайык долбоорлонуп, жарылууну жана өрттөнүүнү алдын алуу системасын өзүнө камтыгандыктан жарылуу коркунучу жок. Мындан тышкары трансформатор герметикалык болгондуктан трансформатордон эч кандай газдын чыгуусу мүмкүн эмес.
Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү нерсе: – ушул жылдын июль айында Токтогул ГЭСинде орнотулган үчүнчү трансформатор азыркы учурда даярдоочу-заводдун көзөмөлү астында тестирлөө режиминде иштеп жатат жана пайдаланууга кабыл алына элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ